Кыргыз-Түрк Манас университетинде 1- жана 2-курста (KGZ-003,KGZ-004 ,KGZ-101, KGZ-102) окуган кыргызстандык студенттер (Кыргызстандын жарандары) 1,2,3 жана 4- семестрде жалпы 8 кредиттик кыргыз тили сабактарын милдеттүү түрдө окушат.

Айрым бөлүмдөрдө 2-курста (UDL-203 ve UDL-204) да эки семестрде 4 (2+2) кредиттик кыргыз тилин окууга милдеттүү. 

KGZ 003 Кыргыз тили I

Кыргыз тилинде сабаттуу жазууга, окуганын, укканын, ой-пикирин, көз карашын эркин сүйлөй билүүгө үйрөтүү. Студенттин кыргыз тили (фонетика, графика жана орфография, лексикология, фразеология, грамматика, морфология, сөз түркүмдөрү) боюнча билимин тереңдетүү. Кыргыз акын-жазуучуларынын өмүрү жана чыгармачылыгы менен кыскача тааныштыруу. Кепте макал-ылакап, фразеологизмдерди колдоно билүүгө, көркөм сүйлөөгө көнүктүрүү. Айрым көркөм чыгармаларды окутуу аркылуу студенттердин көркөм ой жүгүртүүсүн калыптандырып, сөз байлыгын арттыруу.

KGZ 004 Кыргыз тили II

Кыргыз акын-жазуучуларынын өмүрү жана чыгармачылыгы менен кыскача тааныштыруу. Айрым көркөм чыгармаларды окутуу аркылуу студенттердин көркөм ой жүгүртүүсүн калыптандырып, сөз байлыгын арттыруу. Кепте макал-ылакап, фразеологизмдерди колдоно билүүгө, көркөм сүйлөөгө көнүктүрүү.

KGZ 101 Кыргыз тили III

Расмий иш кагаздарын жаза билүүгө машыктыруу. Кыргыз акын-жазуучуларынын өмүрү жана чыгармачылыгы менен кыскача тааныштыруу. Чыңгыз Айтматовдун айрым чыгармаларынын үстүндө иштөө менен, студенттердин көркөм ой жүгүртүүсүн калыптандырып, сөз байлыгын арттыруу.

KGZ 102   Кыргыз тили IV

Расмий иш кагаздарын жаза билүүгө машыктыруу. Кыргыз акын-жазуучуларынын өмүрү жана чыгармачылыгы менен кыскача тааныштыруу. Чыңгыз Айтматовдун айрым чыгармаларынын үстүндө иштөө менен, студенттердин көркөм ой жүгүртүүсүн калыптандырып, сөз байлыгын арттыруу. Кепте макал-ылакап, фразеологизмдерди колдоно билүүгө, көркөм сүйлөөгө көнүктүрүү.


Салия Вайсканова

Бөлүм башчысы

 

      Университет 1995-жылы өз ишин баштаган күндөн тартып 2013-жылга чейин англис тили, немис тили, орус тили жана кыргыз тили сабактары тил үйрөтүү деңгээлинде окутулуп келди. Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык 2013-2014-окуу жылында факультеттердеги 1-курстун студенттерине кыргыз жана орус тилдери милдеттүү түрдө окутулуучу сабак катары киргендигине байланыштуу бул сабактардын сааты көбөйдү жана ушул эле окуу жылынын башында Чет тилдер жогорку мектебинде өз алдынча Чет тилдер бөлүмү ачылып, ал бөлүмдө кыргыз тили координаторлугу, орус тили координаторлугу, англис тили координаторлугу жана немис тили координаторлуктары өз иштерин баштады.

     Аталган координаторлуктарга таандык сабактардын ичинен англис тили бүт бардык студентер үчүн милдеттүү түрдө; немис тили айрым бөлүмдөрдө тандама сабак катары жана милдеттүү түрдө; орус тили Кыргызстандан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн милдеттүү түрдө; ал эми Кыргызстандын жараны болуп эсептелген студенттер үчүн кыргыз тили милдеттүү түрдө окутулат.